Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Анкарада

15 - июлдагы козголоң кыймылынан кийин Анкарага келген биринчи лидер Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

545808
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Анкарада

Президент Р. Т. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Түркияга сапар менен келген биринчи лидер Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди расмий азем менен тосуп алды.

Президенттик сарайындагы тосуп алуу аземинен кийин Эрдоган менен Назарбаев жекеме – жеке сүйлөшүүгө өттү. Аземге вице – премьер Тугрул Түркеш менен тышкы иштер министри Мевлют Чаушоглу да катышты.  Эрдоган менен Назарбаев биргелеше пресс – жыйын өткөрүштү.

Президент Эрдоган пресс жыйында сапардын Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин ишке ашышынын абдан маанилүү экендигин белгилеп : «Урматтуу Назарбаев козголоң кыймылынан кийин биринчи болуп каршы чыккан жана жолугушуу үчүн келген президент»,- деди. Эрдоган Назарбаевдин сапарынын Түркияны жана түрк улутун ойлоп, кыйын күндө дос экендигин ортого салгандыгын белгиледи. Казак президент Назарбаев менен 15 -  июлдагы козголоң кыймылын жана ФЕТӨ тууралуу сүйлөшүшкөндөрүн айткан Эрдоган : «ФЕТӨ бир гана Түркияны эмес, кайсы өлкөдө иш алып барган болсо баарында коркунуч туудурат. ФЕТӨ тууралуу тынчсызданууларыбызды билдирдик»,- деди.

Казакстандын президенти Назарбаев да : «Бул жерге бир гана президент Эрдогандын жанында экенибизди айтуу үчүн келдим. Казакстан ар дайым Түркиянын жанында жана колдоону улантат. Бир тууган республиканын бир туугандыгы биз үчүн маанилүү»,- деди. Назарбаев : «Соода жана экономикалык жактан абдан олуттуу аралыкты басып өткөнүбүзгө ишенем. Бул жол улантылат. Биздин өлкөбүздөгү түрк капиталынын деңгээли абдан жакшы. Азыркы учурда  түрк ишкерлери биз менен бирдикте иштеп жатат. 20 миллиард долларга жакын курулуш жана архитектуралык тармакта инвестициялар салынды. Бул күндөрдө бүткүл дүйнөдө кризис болуп турса да карым – катнаштарыбыз абдан жакшы өнүгүүдө. Мындан мурда да урматтуу Эрдоган менен бирдикте стратегиялык документтерди кабыл алдык. Кээ бир экономикалык келишимдер менен бул кризиске чыдамдуулугубузду күчтөндүрдүк. Эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялардын жалпы наркы 800 миллион долларга жакын. Мурунку Жибек Жолу боюндагы эки чоң мамлекетпиз»,- деди.

Назарбаев : « Эрдоган мырзанын Шанхай Кызматташтык Уюмунун ичинде болушун колдоймун. Ушунун алкагында кызматташтыкка кошулууга чакырамын. Айрыкча Кытай баштаган жана Жибек Жолунда ишке ашырган бир топ иш чара биз үчүн абдан маанилүү жана булардын эч бири Түркия болбостон ишке ашпайт»,- деди.



Тектеш кабарлар