Бул процессте укукка терс мамиле кылынбайт жана кылмышкерлер кечирилбейт

Эрдоган Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) жикчил ПКК, Сириядагы уландысы ПЙД жана ДЕАШ сыяктуу террор уюмдары менен кызматташуусу да белгилүү боло баштаганын айтты.

545207
Бул процессте укукка терс мамиле кылынбайт жана кылмышкерлер кечирилбейт

Президент Режеп Таййип Эрдоган Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) жикчил ПКК, Сириядагы уландысы ПЙД жана ДЕАШ сыяктуу террор уюмдары менен кызматташуусу да белгилүү боло баштаганын айтты.

Эрдоган Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы чыккынчылык козголоң түнүн жана андан соң болгон абалдарды ТРТ экрандарында талкуулады.

Президент Эрдоган окуяны жездесинен угаары менен экранлардан элге кайрылып «аянттарга чыккыла» деген чакырыгынын атмосфераны кыска мөөнөттө терсине бурганын айтты. Эрдоган андан соң төңкөрүшчүлөрдүн F-16лар менен акмалоосунун астында коркунучтуу жол тартуу менен Стамбулга конгонун түшүндүрдү.

Президент бул процессте өзү менен кошо бараткан жубайы, кызы жана күйөө баласынын (энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак), токтоо мамиле кылганын, жалгыз гана жаштары кичине неберелерин сооротууга туура келгенин айтты.

2010-жылдан бери Фетуллахчы террор уюмунун уюмдашуу желесинин кандай кеңири болгонун, өздөрүнөн башкаларга жашоо укугу бербегенин түшүндүргөн Эрдоган, 15-июль түнүндө козголоңду алгач кабар алганда да кылмышкерлердин бул уюмдан экенине шек санабаганын билдирди.

Президент, келип жеткен жерде бул уюмдун мүчөлөрүнүн Түрк куралдуу күчтөрү жана башка мекемелерден тазалана баштаганын сөз кылып, укукка терс мамиле кылынбай турганын, бирок эч бири кечирилбей турганын, андай болбосо шейиттер жана ардагерлерге кыянаттык кылынган болоорун белгиледи.

Чалгындоо бөлүмдөрдүн жалгыз бир чатыр астында чогулуусуна карай иш-аракеттер жүрүп жатканын да белгилеген Эрдоган, жакында өкмөттүн да баа берүүсү боло турганын маалымдады.

ФЕТӨнү рактуу клеткаларга окшоткон президент Эрдоган: «Коркунуч өттү деп айтыш үчүн, бул рактуу клеткалардын толугу казылып чыгарылган болушу керек»,-деп айтты.

Президент 15-июль түнү аянттарды ээлеген, жанын аябай шейит болгон атуулдардын үй-бүлөлөрүнүн айткандарын түз эфирде көз жаштарын төгүп угуп турду.

Президент батыш өлкөлөрүнөн дагы эле эч кимдин бул жерде эмне болгонун келип көрбөгөнүн эске салып, «Бул өлкөгө багыт бере албайсыңар, бөлө албайсыңар, майдалай албайсыңар. Улуттук эркти токтото албайсыңар»,-деп кесе айтты.

Батыштын Түркиянын күчтөнүшүн, өзүн илгерилетишин каалабаганын айткан Эрдоган, ушундай бир процессте деле өзүнө телефон чалган кесиптештеринин 15-июлдагы 239 шейиттен эч сөз кылбастан, камактар жана кызматтан четтетүүлөргө байланыштуу кооптонууларын айтып чыккандарын түшүндүрдү.

Республиканын 100 жылдыгына б.а. 2023-жылга карай ишеничтүү кадамдар менен басуусун уланта турганын айткан Эрдоган, экономикалык трендде, финансы секторунда жана базарларда эч кандай кыйынчылык жок экенин билдирди.

Уюмдун калган 170 өлкөдөгү окуу жайларынын да жабыла баштаганын түшүндүргөн Президент: «Чара көрүшпөсө алардын да башына балээ болот»,-деп эскертти.

ФЕТӨ лидеринин Түркияга кайтарылышы үчүн алдыбыздагы күндөрдө АКШга делегация барып жолугушууларды өткөрө турганын билдирген Эрдоган, ушул убакка дейре АКШ бизден террорист сураганда эч кандай далил сурабастан керектүү иштер актарылганын, Вашингтон бийлигинен да бул процессти создуктурбоосун каалганын айтты.

Террор корбашчысынын качып кетүү ыктымалдуулугуна да токтолгон Эрдоган: «Бул эми АКШнын жоопкерчилиги. Мындай абалды кантип түшүндүрүшөт?»-деп айтты.

Түркияда жакынкы өткөндө болгон ар түрдүү маселени ФЕТӨгө байланыштырып коюунун да туура эместигин белгилеген Президент: «Бул маскарапозду мынчалык апыртпайлык, анчалык дарамети жок»,-деп түшүндүрдү.

Мурдагы жылдарда Түркияга чакырылган ФЕТӨ лидеринин буга эч макул болбой койгонун белгилеген Эрдоган, анткени АКШда жүрө берсе легендага айлана турганын ойлоду, Түркияга кайтса чыныгы жүзү түшүнүктүү болуп калаарынан кооптонгонун маалымдады. «Аны ошондо жибербеген үстүңкү күч, учурубузда аны дагы эле өлкөбүзгө каршы колдонууда»,-деди.

ТРТ экрандарында 9-августта жасай турган Орусия сапарына да токтолуп, ал сапардын 24-ноябрдагы учак кризисинен бери болуп келген терс атмосферанын ашылып өтүлүшүнө салым кошо турганын баса белгиледи. Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун эң маанилүү темаларынан бирин да Сирия кризиси түзө турганын белгилеп өттү.

 



Тектеш кабарлар