Бинали Йылдырым Ягландды кабыл алды

Башкы катчы Ягланд Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптап жана тилектештик көрсөтүү максатында келди

544693
Бинали Йылдырым Ягландды кабыл алды

Премьер-министр Бинали Йылдырым Европа Кеңешинин башкы катчысы Турбьёрн Ягландды кабыл алды.

Башкы катчы Ягландга Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптап жана тилектештик көрсөтүү максатында ишке ашырган сапарынан улам ыраазычылык бидирген Йылдырым: «Элдин биримдүүлүгүнүн негизинде ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинин мизи майтарылгандыгын жана бул процесстен демократиянын күчтөнүп чыкканын баса белгиледи.

Ягланд болсо ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптаганын, демократияны коргоп калганы үчүн түрк элин куттактагысы келгенин, Европа Кеңешинин Түркияны колдогондугун көрсөтүү үчүн келгенин айтты.

Ягланд Түркияда болгон окуяларды европалыктар толук түшүнбөй жаткандарын ойлогонун сөз кылып, кайтып барганында Түркиядагы жолугушуулары жөнүндө Европа Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн бардыгына маалымат берээрин жана алдыбыздагы процессте Түркия менен жакын кызматташууну уланта турганын айтты.



Тектеш кабарлар