Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын 15 - июль тууралуу билдирди

Ибархим Калын козголоң кыймылынын Жогорку Аскердик Кеңеш ЙАШтын август айында болушу күтүлгөн жыйынан мурда болушу жөн гана күтүлбөгөн окуя эместигин айтты

544327
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын 15 - июль тууралуу билдирди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын Жогорку Аскердик Кеңеш ЙАШтын август айында болушу күтүлгөн жыйынан мурда болушу жөн гана күтүлбөгөн окуя эместигин айтты.

Президенттиктин катчысы калын ФЕТӨ/ПДЙнин 15 -  июлдагы козголоң кыймылы жана андан кийин болгон абалдарды борбору Лондондогу Европа тышкы карым катнаштар кеңеши деп аталган ой мекемесине маалымат берди.

15 – июль күнү кечинде президент Эрдогандын эртеси күнкү программасына даярдануу үчүн Антальяда экендигин белгилеген Калын башынан өткөндөрдү төмөнкүчө баяндады: «Бизге кабар берилгенде козголоң кыймылын укканда президентибиз, премьер – министрибиз, коопсуздук күчтөрү, медиа жана бул кыймылга каршы чыгып тоскоол болууга аракет кылган кишилер менен дароо координация  курдук. Түндү сокку кыймылына каршы кыймылдарды координациялоо менен өткөрдүм. Ошол эле учурда өзгөчө жагдайларда Стамбулга карай жолго чыктым».

Калын козголоң кыймылына карата Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн каршы чыгуусу тууралуу бир суроого : «Биз бир топ күнөөсүз жараныбызды жоготуп жатканда союздаштарыбыздын козголоңду маанисиз сыяктуу көрсөтүүсү жана күнөөлөөсүнө таң калдык. Европалык ортокторубуздун эң башта демократия жактоочусу күчтөрдүн жанында болушун күтөөр элек. Батыштык союздаштарыбыз козголоңду айыптады бирок козголоңчулар тууралуу эмдигиче эч нерсе айткан жок»,- деп жооп берди.

Пенсиядагы аскердик судья Ахмет Зеки Үчоктун козголоң кыймылынан кийин даярдаган отчетунда уюмдун түрк мамлекетинин стратегиялык мекемелерине 1980 – жылдарда тымызын кире баштагандыгын белгилегендигин эске салган Калын : «Жашыруундук уюмдун негизги баалуулуктарынын бирөөсү. Бир канча убакыттан бери уюмдун  кыймылдарын байкап жатканбыз. Бирок аларды күнөөлөө үчүн 2013 -  жылы декабрь айына чейин далилибиз жок болчу. Кийинчерээк өкмөт чалгындоо уюму менен кызматташтык ичинде гүленчилердин козголоң кыймылына байланыштуу далилдерди чогултту. Гүленчилер 2013 -  жылы сот системасы жана коопсуздук күчтөрүнөн куулду. Аскердик козголоң кыймылынын ЙАШ башкача айтканда Жогорку Аскердик Кеңештен мурда жасалышы күтүлбөгөн нерсе эмес. Армияда калган гүленчилердин да тазаланышы үчүн чаралардын  көрүлүшү жактан ЙАШ жыйыны орчундуу бир күн эле»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар