Эрдоган элдин кубанычына ортоктош болду
Демократия нөөмөтү өлкөнүн жалпысында уланып жатат.
Миңдеген киши Анкарадагы Президенттиктин комплексинин алдындагы Миллет мечитинде чогулду.
Президент Режеп Тайип Эрдоган да комплекстин алдында демократия үчүн күзөттө турган эл менен жолугушуп, элдин кубанычына ортоктош болду.
Бул жерде эл менен учурашып сүйлөшкөн президент Эрдоганды тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, адилет министри Бекир Боздаг менен энергетика министри Берат Албайрак да коштоп жүрдү.
Демократия нөөтөтүндө шейиттер үчүн салават жана Куран окулду.
15-июль төңкөрүш аракетин түшүндүргөн даректүү тасма көрсөтүлгөндө болсо көз жаштар акты.
Кызылайдагы Демократия аянтына да миңдеген киши чогулду.
Аянттагы демократия нөөмөтүнө бейөкмөт уюмдар да колдоо көрсөтүштү.
Стамбулдагы демократия нөөмөтүндө болсо бардык аянттар демократияга ишенген адамдарга жык-жыйма толду.
Ушул эле толкундануу жана чечкиндүүлүк менен күзөттө турууну уланткан атуулдар гимндерди аткарышып, демократия билдирүүсүн берди.
Төңкөрүш аракетинин мизин майтарган атуулдар Таксим аянтында ФЕТӨгө каршылык көрсөтүштү.
Президент Режеп Тайип Эрдогандын турак жайы жайгашкан Кысыклыда жарандар таң аткыча демократия нөөмөтүн улантышты.
Стамбулда демократия нөөмөтү өткөрүлгөн жерлердин бири да Сарачхане эле.
Миңдеген атуул бул жерде да демократия жана улуттук эркти коргош үчүн аянттарды толтуруп, кубанычка ортоктош болду.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.