Биз мурдатан алдын алуу иштерин баштабаганда өлкөгө чоң коркунуч туулмак

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада уюштурулган кезексиз Диний кеңештин ачылышында сөз сүйлөдү.

544242
Биз мурдатан алдын алуу иштерин баштабаганда өлкөгө чоң коркунуч туулмак

 

Өлкө башчысы Режеп Таййип Эрдоган «Пенсилванияда жүргөн корбашчынын айткандарына ишенүүнү дагы да уланткадар» башына эмне келе тургандыгын өзүлөрү жакшы билишерин айтат.

Президент борбор шаар Анкарада уюштурулган кезексиз Диний кеңештин ачылышында сөз сүйлөдү.

15-июлдагы кандуу көтөрүлүштүн корбашчысы Фетхуллах Гүлендин жана ал башкарган түзүмдүн тымызын түрдө кылган аракеттерин узак убакыттан бери өзү да байкабагандыгын белгилеген президент:

«Мен кошулбаган бир катар багыттары болгонуна карабастан, анча-мынча окшоштуктарыбыз болгону үчүн көпчүлүккө жардам берген сымал эле буларга да көмөкчү болгом. Четтеп, бөлүнүп калган азчылыкты көпчүлүккө кошуу аракетибизден алардын да пайда көрүп калышын каалаган элем. Өлкө ичинде жана чет жерде билим берүү, кайрымдуулук иш-чараларын жүргүзгөнү, эң негизгиси Кудай дегендери үчүн аларга жол бергенбиз»,-деген президент:

«Булардын чыныгы жүзү алгач 17-25-декабрдагы (2013)  төңкөрүш аракетинде эле ачыктан-ачык ортого чыккан. Ошондон кийин бул уюмдан шек санай баштаганыбыз. Эми 238 күнөөсүз адамдын шейит болушуна себепкер болгон төңкөрүш аракетин уюштурушту. Тилекке каршы алардын тилегин таш каап, бул аракети 15-июлдун түнүндө эле  бүткөн, анык күрөш эми башталат» ,- деп баса белгиледи.

17-25-декабрдан кийин биз алдын-алуу иш-аракеттерин көрбөгөндө 15-июль күнү булар турк куралдуу күчтөрүндөгү эле террорист болуп эмес, полиция, сот, бюрократиянын башка жолу менен мындан да чоң коркунуч туудурат беле деген Эрдоган:

«Бул канкор уюмдун чыныгы жүзүн эч нерсеге карабастан эчак эле элге жар салбаганыма өкүнүп жатам. Мындан улам Жараткандын жана элимдин алдында жооптуу экенимди билем. Жараткан да, калк да бизди кечирсин»- деп айтты.



Тектеш кабарлар