Түрктөрдүн каршылык көрсөтүүсү немистер үчүн да сабак алуучу окуя болуп саналат

Түркиядагы 15-июль төңкөрүш аракетине чет өлкөлөрдөн каршылык көрсөтүүлөр уланып жатат.

543002
Түрктөрдүн каршылык көрсөтүүсү немистер үчүн да сабак алуучу окуя болуп саналат

Германиянын Демократтар биримдиги партиясынын жетекчиси Ремзи Ару түрк улутунун тайманбастык менен демократиясын коргоп калганын айтты.

Түрк улутунун бул каршылык көрсөтүүсү дүйнөдө биринчи жолу болгонун сөз кылган Ару: «Миллиондогон адам көчөгө чыкты, танкаларга, согуштук учактарга, ракеталарга каршы турду. Бул дүйнө жүзүндө немистер үчүн да сабак алуучу окуя болуп саналат жана мен билгендей буга чейин мындай нерсе болгон эмес»,-деди.

Немис өкмөтүнүн жана басма сөзүнүн Түркиядагы төңкөрүш аракетине карата жаңылыш саясат жүргүзгөндүгүн да белгилеген Ремзи Ару, Түркия тууралуу жалаң жаман маалыматтарды берген немис медиасынын эми аягына чыккыс жолго кирген абалда экенин жана мындан кантип кутулаарын ойлоп жатканын айтты.

Ару Германиянын азырынча өзү үчүн да коркунуч болгон Фетуллахчы террор уюмун билбей жатканын белгилеп, бул террордук уюмдун Германиядагы мектептеринин жабылышынын акыры күн тартипке коюларын айтты.



Тектеш кабарлар