Вице - премьер Мехмет Шимшек Газиантепте ишкерлер менен жолугушту

Шимшек : «Түркия улуту менен бирге ырааттуу жана бейкут өлкө, глобалдык мааниде да чоң актер катары жолун улантат»,- деди

541174
Вице - премьер Мехмет Шимшек  Газиантепте ишкерлер менен жолугушту

Вице – премьер Мехмет Шимшек Түркия экономикасынын пайдубалынын бекем экендигин айтты. Мехмет Шимшек Газиантепте ишкерлер менен жолугушту. Басма сөзгө жабык өткөн жыйындан кийин маалымат берген Шимшек : «Түркия улуту менен бирге ырааттуу жана бейкут өлкө, глобалдык мааниде да чоң актер катары жолун улантат»,- деди.

Вице – премьер Шимшек Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири тууралуу : «Түркиянын демократиясы дагы күчтүү, келечеги жарык, саясий  ырааттуулугу дагы күчтүү. Пайдубалыбыз ансыз да бекем. Реформалар менен өлкөбүздү дагы да өнүктүрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар