Хаккариде беш аскер шейит болду
Битлистеги Карынжа жандармерия пунктуна да террористтер кол салып, бир аскер жараланды
Хаккаринин Чукуржа районунда жикчил террордук уюм ПКК терроисттеринин кол салуусуна учураган 5 аскер шейит болду. Жолдорду текшерип жаткан аскерлерге узун аралыккка атуучу куралдар менен кол салган террористтер 8 аскердин жаралануусуна да себеп болду.
Кагылышуу улантылып жаткан аймакка көп сандаган ок өткөрбөс унаалар жиберилип, абадан жардам берилген операция да улантылууда. Ошол эле учурда Шырнактын Жизре районунун Жуди тоосундагы Хисар танка батальонуна террористтер узун аралыкка атуучу куралдар менен кол салды. Кол салууда 1 аскер оор жараланды.
Битлистеги Карынжа жандармерия пунктуна да террористтер кол салып, бир аскер жараланды. Коопсуздук күчтөрүнүн аймактагы операциялары улантылууда.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.