Гүлен Аль-Каидадан дагы коркунучтуу

Челик АКШнын Гүленди дароо кайтарып бериши керектигин белгилеп кетти.

540781
Гүлен Аль-Каидадан дагы коркунучтуу

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысы Фетуллах Гүлендин Аль-Каиданын мурдагы лидеринен дагы коркунучтуу болгонун айтты.

Челик АКШнын Гүленди дароо кайтарып бериши керектигин белгилеп кетти.

Министр Челик, жеке менчик бир телеканлда күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Өмер Челик ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылышынын АКШ менен Түркиянын ортосундагы карым-катнашка да чоң салым кошо турганын айтты.

АКШнын борбордук күчтөр командири Жосеф Вотелдин, «биз байланышта болгон айрым командирлер абакта» деген аныктоосуна да каршылык көрсөткөн Челик, бул теманын АКШнын Башкы штаб төрагасынын жекшемби күнкү Түркия сапарында күн тартипке келе турганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар