Бүгүн Түркиянын жолу 15-июлдагыдан дагы жарык

Эрдоган Президенттик сарайында өткөрүлгөн шейиттерди эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү.

540806
Бүгүн Түркиянын жолу 15-июлдагыдан дагы жарык

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде 237 кишинин шейит болгонун эске салып, «А бирок батыштан бул жерге көңүл айтуу үчүн келген эч ким жок»,-деди.

Эрдоган Президенттик сарайында өткөрүлгөн шейиттерди эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Чыккынчылык козголоң болгон түндө төңкөрүшчүлөрдүн бомбаларынын себебинен 2191 киши жаракат алганын эске салган президент: «Муну болсо болсо каапыр кылат. Муну мен мусулманмын, мен түркмүн деген бирөө кылабы? Булардын бул улут менен тиешеси жок. Булар менин аскеримдин, полициямдын ичине кантип кирген, мамлекеттик мекемелерибиздин ичине кантип кирген? Бирөөлөр бизге батыштан туруп алып акыл үйрөтүүдө. Анан артынан башка бир нерсе дагы айтууда, «Бул кызматтан четтетилгендердин себебинен санааркап жатабыз» дешүүдө. Силер өз ишиңерди кылгыла. Менин өлкөмдө төңкөрүш аракети болуп 237 киши шейит, 2191 киши жарадар болду. Бир жолу көңүл айтып, артынан 9 насаат айтуудасың. Ал акыл өзүңдө калсын»,-деп айтты.

ФЕТӨнүн 40 жылдык өткөнү болгонун белгилеген президент, бул эсепти 20 саатта жок кылгандарын маалымдады.

Мындан кийин да мамлекетти рак клеткалары сыяктуу курчаган бул түзүмдүн тазаланышы улана турганын белгилеген Эрдоган: «Он миңдеп саналса да тазалайбыз»,-деди.

15-июлда жалгыз эле армиянын эмес коомчулуктун да колго алынууга аракет кылынганын баса белгилеген президент Эрдоган, улуттун болсо сөз мекен жөнүндө болгон cоң башка бардык нерсенин экинчи планда, жөнөкөй болгону аң-сезими менен кыймыл кылганын белгиледи.

Эрдоган: «15-июлдагы төңкөрүш аракети жалгыз гана өкмөттү кулатууну эмес, ошол эле убакта коомчулукту да колго алууну максаттаган. Чындыгында алар ийгиликтүү болгондо эч кынтыксыз ар ким үчүн 16-июлда башкача жашоо башталмак. Өз эркин Пенсилваниядагы банда башчысына тапшырбаган бир да киши бул өлкөдө жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок эмес. Улутубуз мына ушул коркунучту көргөнү үчүн төңкөрүш аракетине каршы чыкты, мамлекетинин жана башкаруучуларынын жанында орун алды»,-деди.

Саясий полемикалардан тышкары биримдик түзүлүшүнүн болсо келечекке карата үмүт бергенин баса белгилеген Эрдоган: «Бүгүн Түркиянын жолу 15-июлдагыдан дагы жарык, дагы ачык. Мындан ары келчекти карайбыз. 15-июлда мамлекет жана улут катары миң жылдын жаңылыгына айлантышыбыз керек»,-деди.

Коомчулуктун бардык катмарларынын өлкөнүн алдындагы сезимтал абалга ылайыктуу мамиле кыла турганын белгилеген Эрдоган: төңкөрүшчүлөрдү жоопко тартып жатканда өч алуу эмес, адилеттикти кармана турганын, ал эми ФЕТӨ,ПКК,ДЕАШ сыяктуу бардык террор уюмдарынын башын жанчуудан да эч тайсалдабай турганын белгилеп өттү.

«Сирияда, Иракта, Ливияда болгон интригаларды да бузабыз. Дүйнөнүн бардык жеринде болгон интригаларды бузабыз» деген Эрдоган, булардын эч биринин Түркияда болгондордон ажыратылбагандыгын, бардыгынын тең бир эле сценарийдин ар башка сахналары экендигин баса белгиледи.

15-июлдагы төңкөрүш аракети убагында түрк жарандарынын аскердик кийим кийген террористтердин куралдары менен атылышынын айрым өлкөлөрдүн жооптуу кызматтагыларынын көңүлүн бурбаганы сынын айткан президент Эрдоган, мунун тескерисинче төңкөрүшчүлөр менен абдан жакындан алектенгенин айтты.

«Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 237 атуулубузга көңүл айтпагандар, төңкөрүшчүлөрдүн жаман мамиле көрүп жатканы ыктымалдуулугу боюнча даяр туруп атышат. Ачык эле айтам төңкөрүшчүлөрдүн акыбетинен санааркаганы сыяктуу улутубуздун келечегинен кооптонбогон эч бир өлкө биздин досубуз эмес. Бул өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерибиз уланышы мүмкүн, бирок жүрөгүбүздө эч качан орду жок»,-деп атты.



Тектеш кабарлар