Адилеттик министрлиги АКШга Гүлен тууралуу экинчи жазуусун жиберди

Түркия АКШдан Гүлендин чукул түрдө камоого алынуусун талар кылган

541069
Адилеттик министрлиги АКШга Гүлен тууралуу экинчи жазуусун жиберди

Түркия Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн лидери Фетуллах Гүлен тапшырылганга чейин убактылуу 60 күнгө камоого алуу талабы боюнча АКШдан келген : «Эмне үчүн чукул түрдө камоого алуу керек»,- деген суроосуна жооп берди.

Гүлендин 15 -  июль козголоң кыймылындагы ролуна басым жасалды жана башка өлкөлөргө качаары тууралуу чалгындоо кабарларынын бар экендигине көңүл бурулду.

Түркия АКШдан Фетуллах Гүлен тапшырылганга чейин убактылуу 60 күндүк камоого алынуусун талап кылган жана АКШ адилеттик министрлиги менен тышкы иштер министрлигине эки башка жазуу жиберген болчу.

АКШнын тышкы иштер министрлигине жиберилген жазууда тапшыруу талабы билдирилип укуктук процесстин Түркия республикасына билдирилиши талап кылынса, адилеттик министрлигине жазылган жазууда  Гүлендин камалуусу керектиги айтылган.

АКШнын адилеттик министрлигинен бул жазууларга берилген жоопто : «Эмне себептен чукул түрдө камоо керек?»,- деп суралган. Ушул боюнча адилеттик министрлиги экинчи жолу АКШнын адилеттик министрлигине жазуу жиберди.

«Хабер түрк» гезитинин берген маалыматына караганда экинчи жолу жиберилген жазууда Гүлендин 15 -  июлда Түркияда ишке ашырган кыймылынан жооптуу экендиги баса белгиленди. Муну колдогон козголоңчу аскерлердин айткандары да кошумчаланды. Жазууда айрыкча башка өлкөлөргө качаары тууралуу кабарлардын бар экендигине көңүл бурлуп, Гүленди чукул түрдө камоо керектиги белгиленди.

Бул жазууга АКШдан келе турган жооп абдан кызыгуу менен күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар