Тышкы иштер министрлиги Сирия тууралуу билдирүү жасады

Халеп шаар борборунун чыгышы бир канча убакыттан бери блокада астында

540044
Тышкы иштер министрлиги Сирия тууралуу билдирүү жасады

Түркия Халептин террор менен күрөшүү деген себеп менен курчоого алынышынын эч качан кабыл алынбай тургандыгын айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Халеп шаар борборунун чыгышынын режим жана колдоочулары тарабынан жасалган кол салуусунун акырында бир канча убакыттан бери блокада астында экендиги белгиленди.

Башта БУУ жана башка эл аралык жамааттын ылдам түрдө кыймылга өтүү менен адамзаттык уятты ортодон жок кыла турган күчтүү жана маанилүү кадамдарды таштоого чакырылган маалыматта бул сөздөргө орун берилди : «Халепке карата, жарандарга жана жарандык базистерди бутага алган абадан кол салуулар дароо токтотулуусу керек. Халепте жана Сириянын башка аймактарында курчоо астында жашаган миллиондогон жарандын адамзаттык тышы шарттарда жашоосуна соң берилиши керек. Бул жерде жашагандардын жан коопсуздугу жана гуманитардык жардамга жетишүүсүнө БУУнун байкоосу астында шарттар түзүлүшү керек. Мисалы болбогон бул зулумчулуктун режим жана колдоочуларынын Сирияда адамзатка каршы жасаган кылмыштарга жаңысын кошкондугу унутулбайт».



Тектеш кабарлар