Түркиянын өнүгүүсүнө бөгөт коюла албайт

Кахраман менен аны коштогон делегация Гөлбашындагы Полициянын атайын кыймыл штаб башчылыгына барды.

539923
Түркиянын өнүгүүсүнө бөгөт коюла албайт

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Исмаил Кахраман Түркиянын өнүгүүсүнө бөгөт коюла албай турганын жана бул биримдик, ынтымак улана турганын айтты.

Улуттук эрктин ТУУЖга таандык экенин, куралдуу бир күчкө, кишиге же сөрөйгө таандык эместигинин далилденгенин белгилеген Кахраман: «Түркия бүтүндөй улуту менен бир төңкөрүшкө бөгөт койду, улут төңкөрүштү жеңди. Колуна курал алгандын төңкөрүш жасай ала турган бир өлкөдөн демократияны сагынган, төңкөрүштөргө каалгасын жапкан өлкөгө өткөн болдук»,-деди.

Кахраман менен аны коштогон делегация Гөлбашындагы Полициянын атайын кыймыл штаб башчылыгына барды.

Исмаил Кахраман төңкөрүш аракетинде каза болгон шейиттердин жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеп: «Бир апаат абалы чыгып ага бөгөт коюлду. Буга бөгөт коюуда полициябыздын чоң салымы, эмгеги, аракети, мекен сүйүүчүлүгү бар, бардыгына ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар