Түркия Парламентинде коопсуздук чаралар өзгөртүлөт

Парламент мындан кийин АКШнын Конгресс сарайы же Ак үй сыяктуу коргоого алынат

539427
Түркия Парламентинде коопсуздук чаралар өзгөртүлөт

Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 – июлдагы козголоң кыймылында бомбаланган Түркия Парламентинде коопсуздук чаралары өзгөртүлөт.

Парламент мындан кийин АКШнын Конгресс сарайы же Ак үй сыяктуу коргоого алынат. Ушул боюнча каалгалардагы унаа жолдорун тосуунун ордуна террордук максатта жол тосуучулар жайгаштырылат.

80 сантиметрдик бийиктикте, 27 сантиметрдик диаметрдеги блокерлер менен танка жана ушуга окшогон унаалар менен жасала турган кол салууларга каршы коргоого алынат. Бул жол тосуучулардын 20 метрге чейин алдына да козу карындар жайгаштырылат.

Түркия Парламентине ракета системасынын жайгаштырылышына карата чечим азырынча чыгарыла элек. Бул тууралуу маалымат берген Түркия Парламентинин административдик  башкаруучусу Салим Услу : «Бул бир гана Түркия Парламентинин маселеси эмес. Түркиянын маселеси. Президенттик, премьер – министрлик, Түркия Парламенти Түркиянын эң орчундуу жерлери. Бул жерлерге ушундай коргонуу системалары жайгаштырылышы керек»,- деди.

«Түркия Парламентинин имаратынын чатырына сигналдарды бузуучулар жайгаштырыла алат. Бул үчүн чечим чыгарылышы мүмкүн, бирок азырынча бул тууралуу эч кандай чечим жок»,- деген Услу желкеде көтөрүп жүрүүгө боло турган Stinger моделиндеги  ракеталарды колдонуу менен абадан жасала турган кол салууларга каршы коргонууга боло тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар