Фетуллахчы террордук уюмдун мектептери

Фетуллахчы террордук уюм АКШдагы  акыркы мектебин Лас Вегаста ачты

539736
Фетуллахчы террордук уюмдун мектептери

Фетуллахчы террордук уюм АКШдагы  акыркы мектебин Лас Вегаста ачты.  ФЕТӨнун жаңы мектеби АКШ авиация күчтөрүнүн аскердик борбору жана дүйнөнүн эң чоң аскердик билим берүү миссиясына ээ Неллис аба базасында ишин баштайт. "Coral Academy of Science Las Vegas" деген ат менен ишке кире турган мектептин ачылуу аземинде базанын командири  полковник Уильям Нортон мектептин директору Эржан Айдоганга азем менен мектептин ачкычын тапшырды.

Июль айында Фетуллахчы террордук уюмуна өткөрүлүп берилген Неллис базасындагы мектеп 22 -  августта жаңы окуу жылын баштайт. Барган өлкөлөрдө оболу билим берүү тармагында иш чараларын кеңейтүүгө аракет кылган Фетуллахчы террордук уюмдун Боснияда 15, Албанияда 12, Македонияда 7,  Косовада 5 жана Сербияда бир мектеби бар.

ФЕТӨна жакындыгы менен билинген мекеме жана фирмалар Батыш Балкан өлкөлөрүндө билим берүү менен бирге көп сандаган тармакта иш алып барууда. Ошол эле учурда Фетуллахчы террордук уюмдун мүчөлөрүнүн Египетте чогула баштагандыгы жана Каирди аймактын штабы катары колдонору ортого салынды.

ФЕТӨнун араб өлкөлөрүндө иш алып барган жогорку мартабалуу мүчөлөрүнүн Египетте жашыруун жыйын өткөргөндүгү жана бул жерлерде Каирди аймактын борбордук штабы катары колдонуу чечимин чыгарышкандары ортого салынды. ФЕТӨнун  Египеттеги иш чаралары 1990 – жылдардын ортолорунан баштап күч ала баштаган.

Фетуллахчы террордук уюмуна жакындыгы менен билинген жана арапча чыккан «Хыра» журналы Каирде даярдалып, басылып чыгарылат жана Ешипеттеги таркатуу фирмаларынын арачылыгы менен башка арап өлкөлөрүнө таркатылат.

Борбор шаар Каирде ФЕТӨнун бир тил курсу жана Нил деп аталган  китеп дүкөнү бар.

Айрыкча Каир, Александрия жана Суэцте билим берүү тили англисче болгон жана АКШ дипломун берген 3 менчик мектеп менен Земалик аймагында бир маданий борборунун да иш алып баргандыгы белгилүү.



Тектеш кабарлар