40 жылдык саясий турмушумдун эң орчундуу убагы

Президент Эрдоган Германиянын ARD телеканалында Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПМТ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен андан соң болгондор туурасындагы маселелерге жооп берди.

537732
40 жылдык саясий турмушумдун эң орчундуу убагы

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жок деп өлүм жазасынын башка өлкөлөрдө бар экени көрмөксөнгө салынбай турганын белгилеп, «Демократияларда сөз элге таандык. Биздин калкыбыз да өлүм жазасы деп жатат, муну көрмөксөнгө сала албайбыз. Парламенттен өтсө мен да бекитем. Өзүм жалгыз чечим чыгара албаймын. Бул жер королдук эмес»,-деди.

Президент Германиянын ARD телеканалында Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПМТ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен андан соң болгондор туурасындагы маселелерге жооп берди.

Президент Эрдоган: «Кызматыңыздын эң орчундуу убагы ушул беле?» деген суроого, мындан мурда эч бир төңкөрүштүн мындай түрдө болбогонун, учактардан бомба ташталып жүргүзүлгөн төңкөрүшкө туш болбогондорун белгилеп, «40 жылдык саясий турмушумдун эң орчундуу убагы болду»,-деп жооп берди.

«Бул аракетке каршы абдан жакшы даярданган сыяктанасыңыз?» деген суроого бул козголоңдун 30-40 жылдык даярдык өткөнү болгонун белгилеп жооп берген Эрдоган, укук органдары жана коопсуздук уюмдарындагы кызматкерлердин ким экендиктерин 14 жылдык бийлиги убагында кылдат карап чыккандарын, чалгындоо жана моюнга алууларга да туш болгондорун айтты.

Учурдагы кармоо жана камакка алуулардын төңкөрүш аракетине байланыштуу экенин баса белгилеген президент, буларды (кармоо жана камакка алуулар) укукка жатпайт деп аныктоо мүмкүн эместигин белгиледи.

Өзгөчө билим берүү секторундагы кызматтан алуулардын ордуна ылдам түрдө дайындоолор жасала турганын белгилеген Эрдоган, кандайдыр бир боштукка уруксат берилбей турганын айтты.

Террор уюмуна каршы мамлекеттин рефлекс көрсөтүп төңкөрүштүн мизин майтарганын белгилеген президент Эрдоган, «Толук бүттү деп айтыла албайт, майышып калбоо керек» деген серебин салды.

Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПМТ) менен лидери Фетуллах Гүлен туурасында көп жылдардан бери кылган эмгектери менен абдан жакшы маалыматка ээ болгондорун баса белгилеген Эрдоган, төңкөрүш аракетин кылгандардын окуя болгон түндө бул кишини башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар менен сүйлөштүрүүгө аракет кылгандарын белгилеп кетти.

Өзгөчө кырдаал ишке ашырылышынын канча убакытка созула турганын сураганы боюнча, Францияда да 3төн айлык өзгөчө кырдаал жарыяланып жатканын эске салган Эрдоган, «Биз мамлекетке багытталган террор кол салуусуна каршы жарыяладык. Керек болсо узартабыз»,-деп айтты.

Европалык жооптуулардын сириялык башкалкалоочуларга бериле турган жардамы темасында символикалык кадамдарды таштаганын сынга алып, «Артка Кайтарып Алуу» келишиминин алкагында мунун да сүйлөшүлө турганы айтылганын, бирок бул убадага да турулбаганын билдирди.

ARD каналынын Түркиядагы экономикалык абалдын жакшы эместиги боюнча ойлоруна карата болсо президент, тескерисинче экономикалык көрсөткүчтөрдүн, валюта резервдеринин, экспорт сандарынын жана туризм кирешелеринин 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен мурдагысына караганда жана бир топ ЕБ өлкөсүнө салыштырмалуу кыйла жакшы абалда болгонун баса белгиледи.

Коомчулукта жикчилдик болгону жөнүндөгү айтымдарга болсо: «Муну эмнеге таянып айтканыңызды билбеймин. Бардык этникалык топтору менен, бардык түрк калкынын аянттарда демократияны коргоп чыкканын, Республиканы коргоо үчүн көчөлөргө чыкканын көрбөй элесинерби? Медиа чынчыл болушу керек» деген сөздөрү менен каршылык көрсөттү.

Президент Түркиянын бул процесстен дагы да күчтөнүп чыга турганынын билиниши керектигин айтты.

Германиянын ар кайсы шаарларында болуп жаткан кол салууларга да капа болгонун белгилеген Эрдоган, террордук кол салуу менен ислам сөзүнүн бирге каралбашы керектигинин сынын айтты.

Президент Түркиянын террор менен күрөшүүгө салымына байланыштуу суроо боюнча да, ансыз деле бул күрөштүн ичинде болгонудорун баса белгилеп: «Мен мусулманмын, элинин чоң бөлүгү мусулман болгон бир өлкөнүн президентимин. Террордон 40 жылдан бери азап тарткан өлкөлөрдүн лидеримин. ПКК, ПЙД жана ДЕАШка каршы күрөшүп жатабыз. Мен бул (жикчил) террористтерди талап кылган учурумда канцлер Меркель «сот процесси уланууда» дейт. Чындыгында террордо тил, дин, раса айырмалоосу кылынбашы керек»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар