Өзгөчө кырдаал жарыясы төңкөрүш аракетине колдоо көрсөткөндөрдү кармаш үчүн киргизилди

Вице-премьер Нуман Куртулмуш «Хабер түрк» гезитине маек куруп берди

536598
Өзгөчө кырдаал жарыясы төңкөрүш аракетине колдоо көрсөткөндөрдү кармаш үчүн киргизилди

Вице-премьер Нуман Куртулмуш Өзгөчө кырдаал жарыясынын төңкөрүш аракетине колдоо көрсөткөндөрдү кармаш үчүн киргизилгендигин айтты.

Нуман Куртулмуш «Хабер түрк» гезитине төңкөрүш аракети жана андан кийинки кырдаалга байланыштуу берген маегинде: «Бул жарыя улут үчүн эмес, мамлекетке каршы көтөрүлгөн кылмыштык топ үчүн киргизилди. Мыйзамдык өкүмдө токтомдорду чыгарышыбыздагы негизги максат, бул кылмыштык топ менен байланышы болгон жана төңкөрүш аракетине колдоо көрсөткөн кимдер бар болсо аларды кармоо»,-деди.

Фетуллахчы террордук уюмдун корбашчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышына байланыштуу үмүттүү экенин белгилеген Куртулмуш, АКШга «тандооңузду кылыңыз» деген билдирүүсүн жолдоду.

Куртулмуш: «Кандайдыр бир өлкөдө бүтүндөй демократияны жок кылуу үчүн аракет кылган уюмдун лидеринби же 79 миллион түрк элинби? Америка башкаруучулугунун бул киши жөнүндөгү көз караштарын карап чыгат деп ойлоймун»,- деди.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын «кемчиликтер бар» деген көз карашын кайталаган Куртулмуш, мекемелердин чалгындоо жөндөмдүүлүгү кайрадан түзүлүүсү керектигин баяндады.

Нуман Куртулмуш кызматтан бошотулган кызматкерлердин абалы тууралуу суроого да кылдат иликтөө жүргүзүлө турганын белгилеп: «Кызматтан бошотулган кызматкерлер да суракка алынат. Булардын арасында уюм менен түз байланыш кургандар өзүнчө, түздөн-түз байланышы болбогондор өзүнчө каралат»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар