Президент Эрдоган Германияга көңүл айтты

Эрдоган Мюнхендеги куралдуу кол салуу боюнча Германия Федералдык Республикасынын Президенти Йоахим Гаукка көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.

536028
Президент Эрдоган Германияга көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Мюнхендеги куралдуу кол салуу боюнча Германия Федералдык Республикасынын Президенти Йоахим Гаукка көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө куралдуу кол салуунун арасында түрк жарандары да орун алган көп сандаган карапайым адамдын өмүрүнөн ажырашы жана жаралануусу менен жыйынтыкталган болушунан улам терең капага батканын сөз кылды.

«Бул жаман кол салууну жек көрүү менен айыптаганын жана наалат айтканын» белгилеген Эрдоган, президент Гаукка жиберген билдирүүсүндө, «Көп жылдар бою террор кол салуусуна жана зомбулук кыймылына бута болгон Түркия, көп сандаган адамыбыз жашаган Германиянын кайгысын тең бөлүшөт. Түркия, дос жана шериктеш Германия менен ушул татаал күндө кызматташууда жана колдошууда. Улутум жана жеке өзүмдүн атыман, Президент Йоахим Гаукту жана  бул жаман окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен дос немис калкын чын жүрөктөн кайраттуу болууга чакырам, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар