Президент Эрдоган France 24 телекөрсөтүүсүнө интервью берди

Эрдоган ФЕТӨну жайылып кеткен рак оорусуна окшотту

535703
Президент Эрдоган France 24 телекөрсөтүүсүнө интервью берди

Президент Р. Т. Эрдоган 15 -  июлдагы козголоң кыймылында  маалыматтардын жетишсиз болгондугун, Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешичиси же башкы штабдын төрагасынын кызматынан кетүүсү сөз болбогондугун билдирди.

Президент Эрдоган France 24 телекөрсөтүүсүнө берген интервьюсунда мамлекеттик мекемелерди тазалашарын белгиледи. Эрдоган Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешичиси Хакан Фидан менен сүйлөшүүсүндө башкы штабдын төрагасынын жана Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешичисинен кызматын улантуусун суранганын билдирди. «Бирок бир кемчилик бар»,- деген Эрдоган улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси жана башкы штабдын төрагасы тууралуу абалды премьер – министр Бинали Йылдырым менен сүйлөшөрүн айтты.

Президент Франция, Бельгия, АКШ жана Германиядагы террордук кол салууларда да  аксактыктардын болгондугун, ал түгүл Бельгиядагы кол салууда Түркиянын маалыматтарына көңүл бурулбагандыгын эске салып, чалгындуу уюмунун жетекчилерин жумуштан алуу сыяктуу абалдын жок экендигин белгиледи.

Коомдук кызматкерлердин жумуштан алынуусунда сандын канчага бабарарын билбегендигин, ФЕТӨнун 40 жылдан бери мамлекеттик мекемелерди колого алууга аракет кылгандыгын баса белгилеп, бул террордук уюмду жайылып кеткен кеткен рак оорусуна окшотту.

Эрдоган башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси акарды барымтага алгандардын бирөөсүнүн Акарга : «Сизди лидерибиз Фетуллах Гүлен менен сүйлөштүрөлү»,- деп сунуш кылгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар