Фетуллах Гүлендин аталаш иниси кармалды

Муххаммед Саит Гүлен 2010-жылдагы KPSS суроолорунун жайылтылып жиберилишине байланыштуу териштирүүдө да шектүү болуп эсептелген.

536008
Фетуллах Гүлендин аталаш иниси кармалды

ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин аталаш иниси Мухаммед Саит Гүлен, ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине байланыштуу Анкаранын Республикалык башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн алкагында Эрзурумда камакка  алынды.

Террор уюмунун мүчөлүгү менен катар мындан мурда конституциялык тартипке каршы кылынган кылмыштарды териштирүү кеңсесинин прокурору Йүжел Эркман баштаткан  2010-жылдагы KPSS (Мамлекетке кызматкер тандоо сынагы) суроолорунун жайылтылып жиберилишине байланыштуу териштирүүдө да шектүү болуп эсептелген Гүлендин аталаш иниси Муххаммед Саит Гүлен, Анкарага алып келинип суракка алынат.



Тектеш кабарлар