Эл демократия нөөмөтүн улантууда

Анкаралыктар демократия күзөтүнүн биринчи жумасынын акырында да Кызылай аянтында чогулушту

535629
Эл демократия нөөмөтүн улантууда

Жалпы өлкөдө жарандар ФЕТӨ/ ПЙД мүчөсү бир группа аскер тарабынан 15 -  июлда жасаган козголоң кыймылына каршы колдорунда түрк байрактары менен аянттарга чыгууну улантышууда. ФЕТӨ мүчөсү аскерлердин  козголоңунан кийин президент Эрдогандын : «Аянттарга чыгуу менен буларга эң жакшы жооп берилет. Бул козголоң кыймылы ийгиликтүү боло албайт. Тарыхта эч бир козголоң ийгиликтүү болгон эмес»,- деген чакыруусу менен Эдирнеден Хаккариге чейин өлкөнүн төрт тарабында аянттарга чыккан жарандар ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күнү болгондой  бейшемби күнү да аянттарды толтурушту.

Анкаралыктар демократия күзөтүнүн биринчи жумасынын акырында да Кызылай аянтында чогулушту.

Стамбулда да эл демократия нөөмөтү үчүн чогулушту. Элдердин чогулган жерлери башка болсо да тилектери бир болду. Кожаели, Бурса, Эдирне, Сакаря, Чанаккале, Ялова, Кыркларели жана Текирдагда да миллиондогон киши аянттарга чыгышып козголоңго каршы экендерин көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар