Президент Эрдоган пресс - жыйын өткөрдү

Эрдоган жарандарды жаңылыш кабарларга көңүл бурбоого чакырды

535096
Президент Эрдоган пресс - жыйын өткөрдү

 

Президент Р. Т. Эрдоган келечектеги муундардын 15 -  июлдагы демократия каармандарын унутпай тургандыгын белгилеп : «15  - июль күнүн Шейиттериибизди эскерүү күнү деп жарыялагандыгыбызды бөлүшкүм келди»,- деди.

Президент Эрдоган президенттик комплексинде өткөргөн пресс – жыйында Түркиянын 15 -  июлда болгон козголоңго каршы чыгууну чечкиндүү түрдө уланткандыгын айтты.

Жарандарды жаңылыш кабарларга көңүл бурбоого чакырган Эрдоган : «Мамлекетибиз президенти менен өкмөтү менен түрк куралдуу күчтөрү менен министрликтери менен  коопсуздук уюму менен жана баарынан маанилүүсү улуту менен бекем турат»,- деди. Фетуллахчы  террордук уюмдун мүчөлөрүн мекемелерден тазалоо болгон ылдамдыгы менен улантылып жаткандыгын айткан Эрдоган Улуттук Коопсуздук Кеңеши тарабынан сунушталган министрлер кеңеши тарабынан чечимге айландырылган өзгөчө кырдаалды жарыялоо процессинин парламентте соңуна чыккандагын белгиледи.

Жүргүзүлгөн операциялардын алкагында ушул кезге чейин 10 миң 410 кишинин байкоого, 4 миң 60 кишинин да камалгандыгын белгилеген Эрдоган өкмөттүн жана ага караштуу коопсуздук күчтөрдүн иштеринин чечкиндүүлүк жана ийгиликтүү улантылып жаткандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар