Мехмет Гөрмез кутба окуду
Мехмет Гөрмез : «Бүгүн бир улут катары биригүү күнү»,- деди
535351
Аскердик козголоң кыймылынын биринчи жумасында 81 облуста бардык мечиттерде жума кутбасы окулду. Дин иштеринин төрагасы Мехмет Гөрмез да Анкарада Кожатепе мечитинде болду. Кутба окуган Мехмет Гөрмез : «Бүгүн бир улут катары биригүү күнү»,- деди.
Кутбада : «Эч бир күч кудайга жана мекенге болгон сүйүүдөн күчтүү боло албайт»,- деген Гөрмез : «15 – июль күнү кечинде улут катары тарыхыбыздын эң кыйын, эң узун жана караңгы түндөрүнүн бирин жашадык. Улуу Алла бардык улутубузду бир бири менен биригүүнү насип кылды. Калкыбыз аманатына ээ чыкты»,- деди. Кутбадан кийин жума намазын да Мехмет Гөрмез окутту.