Өзгөчө кырдаал 1 - 1,5 айдын ичинде жоюлушу мүмкүн
Нуман Куртулмуш өзгөчө кырдаалдын жарыялануусу менен негизги укук жана эркиндиктердин үзгүлтүккө учурабай тургандыгын билдирди
Вице – премьер жана өкмөттүн катчысы Нуман Куртулмуш өзгөчө кырдаалдын жарыялануусу менен негизги укук жана эркиндиктердин үзгүлтүккө учурабай тургандыгын билдирди. Куртулмуш медиа мекемелеринин Анкарадагы өкүлдөрүнө абалдар тууралуу маалымат берди. Вице – премьер калкка эмес, мамлекеттин ичиндеги террордук түзүлүштөргө каршы жарыяланган өзгөчө кырдаалдын козголоң чыгарууга аракет кылгандар менен байланыштуу ылдам түрдө ишке ашуусун максат кылгандыгын, балким да 1 – 1,5 айдын ичинде жоюларын айтты.
Жикчил террордук уюм менен күрөшүүнүн улантыларына да көңүлдөрдү бурган Нуман Куртулмуш : «Түштүк Чыгышта террор менен күрөш улантылууда. Пландуу иштер аткарылууда»,- деди. Операциялардан кийин кайрадан күн тартибине келген орус учагынын 24 - ноябрда атып түшүрүлүшүнө байланыштуу суроолорго да жооп берген Куртулмуш : «Артынан башка бир нерселердин чыгышын болжолдоп жатабыз»,- деди.
Түрк Куралдуу Күчтөрүнө байланыштуу кээ бир чаралардын күн тартибине келиши мүмкүн экендигин айткан Куртулмуш : «Негизги маселе армияны калкка ачуу»,- деди. Куртулмуш түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына катталган курал – жарактардын жоголбогондугун, бирок качкан персонелдердин бар экендигин сөздөрүнө кошту.
Жогорку Аскердик Кеңештин келерки айдагы жыйынынын кечеңдетилбегендигин айткан өкмөттүн катчысы ошол эле мезгилде парламенттин да иштей тургандыгын билдирди.