Түркия шериктештеринен чынчылдыкты күтөт

Чавушоглу «Вашингтон пост» гезитине маек куруп берди.

533717
Түркия шериктештеринен чынчылдыкты күтөт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин бардык нерсе көзөмөлгө алынганын, бирок коркунучтун жүз пайыз жок болгону айтыла албай турганын билдирди.

Чавушоглу «Вашингтон пост» гезитине маек куруп берди.

Тышкы иштер министри, «15-июлда төңкөрүш аракетине туш болдук жана учурда бардык нерсе көзөмөлгө алынды, бирок коркунучтун жүз пайыз жоюлганын айта албайм. Ушул себептен айрым чараларды көрүүдөбүз, териштирүүлөр уланууда жана бул топко каршы мыйзамдык жараяндар башталды»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түркиянын шериктештеринен чынчылдыкты жана бул татаал күндөрдө ишене ала турган чыныгы дос болууларын күткөндөрүн баса белгиледи.

Учурда Гүлен жашап жаткан АКШнын Түркиянын кооптонууларын түшүнүп түшүнбөгөнү суроосуна жооп иретинде Чавушоглу: «Түшүнүүлөрү керек, кандайдыр бир далилге муктаждыктары жок. Жон Керриге мындан мурда түшүндүргөм. Керри, теманы абдан жакшы түшүнгөнүн жана бул тема туурасында өз чалгындоо кызматынан дагы кеңири маалымат ала турганын айткан. Президент Режеп Таййип Эрдоган да абалды АКШнын президенти Барак Обамага түшүндүрдү. Бул террордук кол салуудан кийин Гүлендин террор уюмунун башында турганын түшүнүүлөрү керек»,-деди.

АКШнын Гүлендин кайтарылышы тууралуу Түркиянын күтүүлөрүнө жооп бербеген учурунда бул абалдын эки тараптуу карым-катнаштарга кандай таасир тийгизе турганы тууралуу суроого болсо Чавушоглу: «Түрк калкынын сезимдери ансыз деле эбак сезгенди. Коомчулугубузда АКШга каршы пикирдин түзүлүшүнө каршыбыз. Тилекке каршы Ирак согушунан бери АКШга колдоо азайды. Биз өткөндө бул темада тең салмактуулукту камыздоо үчүн колубуздан келгенди кылдык. АКШ, 80 миллион түрк калкынын сезимдерин түшүнгөн жок. Жыйынтык катары АКШ кыймылга өтпөсө, карым-катнаштарыбыздын таасир алышы качылгыс. Түркия каршы  турган эң жаман террорист АКШда жашайт жана Түрк улутун бутага алууда. Бул биз үчүн кабыл алынгыс абал»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, АКШнын Түркиянын күтүүлөрүнө жооп бербеген учурунда ДЕАШка каршы коалицияда Түркиянын болушу тууралуу суроого да, «ДЕАШ биздин орток душманыбыз. ДЕАШ Түркияны бутага алууда. Жалгыз калтырылсак да ДЕАШ менен согушууга аргасызбыз, анткени алар чек арабыздын ары жагында эле. Биз ДЕАШтын алгычкы жана эң маанилүү бутасыбыз. АКШ, биздин шериктешибиз жана АКШ менен болгон карым-катнаштарыбызга чоң маани беребиз. Түркия жана АКШ катары аймагыбыз үчүн чогуу маанилүү иштерди кылуудабыз. Инжирлик аба базабызды, АКШ жана башка шериктештер үчүн ачтык. Сирия жана Иракта ырааттуулуктун келиши үчүн күрөшүүдөбүз. Бир топ орток максатыбыз бар»,деген жоопту берди.



Тектеш кабарлар