Премьер - министр Бинали Йылдырым Грузиянын премьер - министрин тосуп алды

Премьер – министр Йылдырым Чанкая сарайында грузин кесиптеши Гиоргий Квирикашвилини тосуп алды

533557
Премьер - министр Бинали Йылдырым Грузиянын премьер - министрин тосуп алды

Премьер – министр Бинали Йылдырым 15 -  июль күнү болгон кыймылдан улам эч бир өлкө менен тышкы жана экономикалык карым – катнаштарда эч кандай өзгөрүүнүн болбогондугун айтты. Премьер – министр Йылдырым Чанкая сарайында грузин кесиптеши Гиоргий Квирикашвилини тосуп алды. Эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн киийн Түркия – Грузия жогорку деңгээлдеги стратегиялык  кызматташытк кеңешинин жыйынына башчылык кыла турган Йылдырым менен Квирикашвили андан кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрүштү. Премьер – министр Йылдырым Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылындагы жеңиш тууралуу коңшу жана союздаш өлкөлөрдөн колдоо алгандыгын, Квирикашвилинин да  козголоң болгон сааттарда Тбилиси элчилиги менен сүйлөшкөндүгүн, күчтүү колдоо бергендигин билдирди.

Йылдырым 15 -  июлдагы козоголоңду чыгаргандарга, жарандарга ок атып, курал кезегендерге, абадан бомба жаадыргандарды аё болбой тургандыгын айтты. Премьер – министр жүргүзүлгөн кенен масштабдуу териштирүүнүн укуктун алкагында жүргүзүлөрүн айтты.

Грузиянын президенти Квирикашвили да козголоңду айыптап, демократиялык жол менен шайланган өкмөттүн артында экендерин айтты. Түркиянын Грузиянын жеринин бүтүндүгүнө жана НАТОго мүчөлүк процессине берген колдоосунан улам рахмат айткан Квирикашвили Түркиянын 2006 -  жылдан бери өлкөсүнүн эң негизги эки  тараптуу соода өнөктөшү болууну улантканын белгиледи. Квирикашвили Баку – Тбилиси  - Карс темир жолу проектиси менен бирге жүк ташуу, саламаттыкты сактоо, дыйканчылык тууралуу кол коюлган келишимдер менен өлкөнүн стратегиялык карым – катнаштарындагы көлөмдү  арттырарын белгиледи.



Тектеш кабарлар