« Гүленди тапшыруу иши бир түндө бүтпөйт»

Обама кыймыл тууралуу бардык териштирүү боюнча кызматташтыкка даяр экендерин белгиледи

533488
« Гүленди тапшыруу иши бир түндө бүтпөйт»

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда Обама Эрдоганга 15 -  июлдагы козголоңду айыпташкандарын айтты.

Козголоң кыймылына каршы түрк калкынын чечкиндүүлүгүн жана демократияга болгон ишенимин көрсөткөндүгүн белгилеген Обама кыймыл тууралуу бардык териштирүү боюнча кызматташтыкка даяр экендерин  баса белгиледи.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө кыймылдын артында Фетуллахчы террордук уюмдун тургандыгына токтолду.

Фетуллахчы терродук уюмдун корбашысы Фетуллах Гүлендин АКШдан Түркияга тапшырылуусун  күн тартибине алып келген Эрдоган маселе тууралуу досьенин АКШга билдирилгендигин айтты.

АКШнын президенти Обама да Гүлен тууралуу досье жана далилдердин олуттуу түрдө иликтенерин баса белгиледи.

Сүйлөшүү тууралуу Вашингтон башкаруусунан да маалымат келди. Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест ФЕТӨ корбашысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы үчүн Түркиянын кайрылуусунун өздөрүнө келгендигин билдирди.

Эрнест кайрылуунун эки өлкөнүн ортосундагы тапшыруу келишиминин беренелерине жана Америка мыйзамдарына карата караларын айтты. Катчы Түркияга 15 -  июлдагы окуялар тууралуу териштирүү боюнча бардык жардамдын берилерин билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер да ФЕТӨ корбашысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу Түркиянын расмий түрдөгү кайрылуусуна байланыштуу дароо чечим чыгарыла албай тургандыгын белгилеп : « Гүленди тапшыруу иши бир түндө бүтпөйт»,- деди.



Тектеш кабарлар