Премьер - министр Бинали Йылдырым - Кылычдароглу жолугушуусу
Бинали Йылдырым бүгүн биримдикке муктаждыктын бар экендигин айтты
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери жана премьер – министр Бинали Йылдырым бүгүн биримдикке муктаждыктын бар экендигин айтты. Премьер – министр Бинали Йылдырым Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу менен Чанкая сарайында жолугушту. Йылдырым менен Кылычдароглу жекеме – жеке сүйлөшкөндөн кийин пресс – жыйын өткөрүштү.
Республикалык элдик партиянын лидери Кылычдароглу премьер – министрге : «Коомдогу араздашууларды бирдикте ашып өтүү биздин милдетибиз»,- дегенин билдирди. Премьер – министр Йылдырым да 15 - июлдагы кыймылдын жыйынтыктары тууралуу Кылычдароглуна маалымат бергендигин белгилеп, оппозицияга колдоосунан улам рахмат айтты. Мындан кийин дагы этият болуу керектигин айткан Йылдырым болсо абалды пайдаланган провакаторлорго көңүл буруу боюнча эскертти. Премьер – министр буларга мүмкүнчүлүк бербөө, бул ишке киришкендерге да учурунда жооп берүү керектигин айтты. Укуктун негизинде иштердин жолуна түшөрүн, жаңылыштык кылгандардын сотко тапшырыларын баса белгилеген премьер – министр Йылдырым : «Бүгүн биримдикке муктаждыгыбыз бар»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.