Мамлекеттик мекемелер ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрүнөн тазаланууда

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин бир топ мамлекеттик мекемеде тазалоо иштери башталды.

532907
Мамлекеттик мекемелер ФЕТӨ уюмунун мүчөлөрүнөн тазаланууда

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин бир топ мамлекеттик мекемеде болгону сыяктуу Премьер-министрликте да кеңири масштабдуу операция башталды.

Операцияда 230 репортер, 19 адис, 6 кеңешчи жана 2 укук кеңешчиси болуп бардыгы 257 кызматкер кызматынан четтетилип, документтери конфискацияланды.

Көп сандаган документ жана кагаздар иликтениши үчүн Коопсуздук директорлугуна алып барылды.

Энергетика базарын жөнгө салуу мекемесинде (EPDK) болсо ФЕТӨ менен байланышы болгону белгилеген 25 кызматкер кызматынан четтетилди.

Дин иштери башкармалыгынын борбордук, аймактык жана чет өлкөлөрдөгү кеңселеринде ар башка баскычтарда кызмат кылган кызматкерден, арасында 3 областтык мүфтий, 1 бөлүм башчысы, 1 башчылык кеңешчиси да орун алган 492 киши, төңкөрүш аракетин кылган ФЕТӨ менен байланышы болгону себеби менен кызматтан четтетилди.

Буга кошумча Улуттук билим берүү министрлигинде 15 миңден ашуун кызматкер кызматынан алынды.

Министрликтин жарыясында: «Борбордук жана аймактык кеңселерде кызмат кылган ФЕТӨ менен байланышы болгон мамлекеттик кызматкерге карай кеңири териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүндөн баштап Министрлигибиздин борбордук жана аймактык кеңселеринде кызмат кылган 15200 мамлекеттик кызматкер иштен чыгарылып, бул кишилер туурасында териштирүү баштатылды», делди.

Улуттук билим берүү министрлиги айрыкча жеке менчик мекемелерде кызмат кылган 21 миң мугалимдин лицензиясын да жойду.

Ушундайча төңкөрүш аракетинен кийин Министрликтин 36200 кызматкери жана мугалими кызматтан четтетилген болду.

Жогорку билим берүү кеңеши (YÖK) болсо мамлекеттик жана фонддук университеттерде 1577 деканды кызматтарынан чыгуу аразын берүүгө чакырды.

Кечээ болсо Ички иштер министрлигине жүргүзүлгөн операцияда 8777 кызматкер кызматынан алынган. Бир тараптан Анкаранын Республикалык прокуратурасы, Ички иштер министрлиги тарабынан кечээ кызматтан четтетилген 8777 кызматкер туурасында Фетуллахчы террор уюмунун мүчөсү болгону үчүн тергөө баштатты.



Тектеш кабарлар