Грецияга качкан козголоңчулар

Грецияга качып, саясий баш калкалоо талап кылган 8 аскер качкындар комиссиясына кирди

532616
Грецияга качкан козголоңчулар

Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоңго катышкандан кийин аскердик тик учар менен Грецияга качып, саясий баш калкалоо талап кылган 8 аскер качкындар комиссиясына кирди.

Эрте менен эрте сааттарда кармалып турган Фережик абагынан полициянын коштоосунда ок өткөрбөс унаалар менен Дедеагач шаарынын жакындарындагы Неа Хилидеги качкындар комиссиясынын борборуна алып барылган аскерлер имараттын кире беришинде күткөн журналичттерден качырылып, арткы каалгадан ичкери кирди. Бир бирине кишенделген козголоңчулар имаратка кирип бара жатканда бош болгон колдору менен беттерин жабышкандары көрүлдү. Козголоңчулардын борбордо фотографиялры тартылат жана баш калкалоо талаптары тууралуу сүйлөшүүлөр өтөт.

Качкындар борборунда түшкү сааттарга чейин күтүлүп жаткан процесс бүткөндөн кийин кармалып жаткан абакка алып барылат. Грецияда  качкындар тууралуу ишке ашырылган процедура боюнча козголоңчулардын саясий баш калкалоо талабына 3 жуманын ичинде чечим чыгаруусу керек болгон комиссия ошол эле учурда  бул мөөнөттүн ичинде 8 аскердин камоосунун улантылып же улантылбай тургандыгына да чечим чыгарылат. 8 козголоңчунун  Дедеагач сотунда кечээ башталган соттун адвокаттарынын талабы менен 21 -  июль бейшемби күнгө кечеңдетилди. Фетуллахчы террордук уюмдун козголоңунан кийин Сикорский моделиндеги аскердик тик учарлар менен Грециянын Дедеагач аэропортуна конгон 8 аскердин аскердик чиндери алынган болчу.

 

 



Тектеш кабарлар