Чавушоглу чет элдик кесиптештери менен сүйлөшүүсүн улантууда

Түркиялык министр арасында Кыргызстан да болгон 37 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен сүйлөштү

531468
Чавушоглу чет элдик кесиптештери менен сүйлөшүүсүн улантууда

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, өкмөткө каршы жасалган ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин кечээ кечинде да чет элдик тышкы иштер министрлери менен телефон сүйлөшүүсүн улантты.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министр Чавушоглу акыркы эки күндө 37 өлкөнүн тышкы иштер министри, Азербайжандын өзгөчө кырдаалдар министри Кемаледдин Хайдаров, Европа кеңеши, НАТО жана Ислам кызматташтык уюму да арасында болгон эл аралык уюмдардын баш катчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Австралиянын тышкы иштер министри Жули Бишоп, Словениянын тышкы иштер министри Карл Эрьявец жана Испаниянын тышкы иштер министри Мануэль Гарсия- Маргальо Чавушоглуна телефон чалып Түркиядагы демократиялык процессти жана өкмөттү колдогондорун сөз кылышты.

Чавушоглунун кесиптештери Түркия менен тилектештик ичинде экендиктерин да баса белгилешти.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү менен катар АКШ, Германия, Албания, Азербайжан, Бириккен Араб Эмирликтери, Болгария, Эстония, Марокко, Палестина, Франция, Грузия, Хорватия, Англия, Ирак, Иран, Италия, Канада, Катар, Кыргызстан, Косово, Ливия, Ливан, Венгрия, Македония, Мальта, Пакистан, Руанда, Сауд Аравия, Украина, Иордания, Йемен, Жаңы Зеландия жана Грециянын тышкы иштер министрлери да Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.



Тектеш кабарлар