Түркия - Сирия чек арасында 122 ирактык кармалды

Яйладагы чек арасында июль айында кармалган ирактыктардын саны 500гө жетти

529306
Түркия - Сирия чек арасында 122  ирактык кармалды

Хатайдын Яйладагы районунда Сирия чек арасынан Түркияга мыйзам тышы жолдор менен кирүүгө аракет кылган 122 ирактык кармалды.

Сирия чек арасында участокто изилдөө жүргүзгөн аскерлер тарабынан кармалган, араларында аялдар менен балдар да болгон 122 кишинин ирактык экендиги белгиленди.

Өлкөдөн чыгаруу үчүн атайын жерлерге жиберилген ирактыктардын өлкөлөрүндөгү террордук уюм ДЕАШ коркутуусунан улам үйлөрүн таштап Сирия аркылуу Түркияга келүүгө аракет кылышкандары белгиленди. Яйладагы чек арасында июль айында кармалган ирактыктардын саны 500гө жетти.



Тектеш кабарлар