Стамбулда эки миң жылдык айкелди сатууга аракет кылгандар кармалды

Тарыхый табылгалар Стамбулдагы «Ататүрк» археология музейине тапшырылат.

527921
Стамбулда эки миң жылдык айкелди сатууга аракет кылгандар кармалды

Стамбулда көптөгөн өлкө катышкан ЮНЕСКОнун дүйөлүк мурастар комитетинин жыйыны уланып жатканда кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобу 2 миң жылдык Афродит айкелин табышты.

Сатылууга аракет кылынган табылгалардын арасында Рим дооруна таандык Афродит айкели, 7 көз жашы шишеси, 2 шарап идиши, 2 кубик жана падышанын кызына белек катары жөнөтүлгөн айнек такта менен катар 13 тарыхый эмгек бар.

Операциянын алкагында 2 шектүү камакка алынды.

Тарыхый табылгаларды иликтеген адистер, жүргүзүлгөн алгачкы изилдөөдө Афродит айкелинин баалуу экендигин белгилешти.

13 эмгектин жалпы наркынын 1 миллион лира экендиги айтылууда.

Тарыхый табылгалар Стамбулдагы «Ататүрк» археология музейине тапшырылат.



Тектеш кабарлар