Вандыктарга террористтер кол салды
Каза болгон айыл күзөтчүсү кыргыз экени айтылууда.
526439
![Вандыктарга террористтер кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fe73/96a6/fd60/5781d25f42677.jpg?time=1718865512)
Вандын Эржиш районунда ПКК террористтери Жандармериянын коопсуздук пункттары командирлигине бомба жүктөлгөн унаа менен кол салды. Анда 1 аскер менен 1 айыл күзөтчүсү шейит болуп, 10 аскер жаракат алганы билдирилди.
Аймакка көп сандаган тез жардам унаасы өткөрүлдү.
Жаралуулар Эржиш мамлекеттик ооруканасында дарыланышууда.
Эске сала кетсек, Ооганстандан көчүп келген кыргыздардын айылы Улупамир да ошол райондо орун алган жана курман болгон айыл күзөтчүсү Туратбек Гүрожак аттуу кыргыз экени билдирилди. Жаракат алгандардын да айыл күзөтчүлөрү экени маалымдалды.
Бир тараптан Агрыда коопсуздук күчтөрү менен ПКК террористтеринин ортосунда кагылышуу болуп, 2 террорист жок кылынды.