Террордук кол салууда дагы бир аскер шейит болду

Кол салуудан кийин террористтердин кармалуусу үчүн операция баштатылды

523027
Террордук кол салууда дагы бир аскер шейит болду

Шырнактын Бейтүшшебап районунда ПККлык террористтердин  кол салуусу менен бир аскер шейит болду. Алынган маалыматка караганда бир группа ПКК террорист райондук коопсуздук директорлугу, райондук жандармерия командирлиги жана аскердик турак жайга бирдей убакта узун аралыкка атуучу курал жана ракеталар менен кол салды.

Кол салууда жараланган аскер ооруканадагы көрсөтүлгөн бардык аракеттерге карабастан  шейит болду. Кол салуудан кийин террористтердин кармалуусу үчүн операция баштатылды.



Тектеш кабарлар