Газага жардам кемеси барды
"Lady Leylа" Израилдин Ашдод портуна жетти
523306
![Газага жардам кемеси барды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/619d/7ab1/9d38/577900641ed40.jpg?time=1718569608)
Түркия менен Израилдин ортосунда кол коюлган макулдашуудан кийин Газага жардам алып баруу үчүн жолго чыккан жүк ташуучу кеме 'Lady Leyla' Израилдин Ашдод портуна жетти.
'Lady Leyla' жума күнү Мерсиндин жолго чыккан. Жардам ташыган кеме 30 саатка жакын жолчулуктан кийин Израилдин Ашдод портунда азем менен тосулуп алынды. Кеме Газага 11 миң тонна азык – түлүк жана кийим – кече менен 10 миң оюнчак алып барды.