Тышкы иштер министри Орусиянын саякат чектөөлөрүн жойгондугун белгиледи

Чавушоглу эки өлкөнүн министрлеринин да сүйлөшүүсү менен эки тараптуу карым – катнаштар тууралуу кадамдарды ылдам түрдө таштарын айтты

522653
Тышкы иштер министри Орусиянын саякат чектөөлөрүн жойгондугун белгиледи

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия менен Орусиянын ортосунда калыбына келе баштаган карым – катнаштардын биринчи түшүмүн туризмден алышкандарын айтты. Чавушоглу Антанльянын Алания районунда берилген ифтар тамагында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын саякат чектөөлөрүн жойгондугун белгиледи.

Мындан кийин Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн тыгыз болорун айткан президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын пезиденти В. Путиндин бетме – бет сүйлөшүүлөрүнүн ишке ашарын баса белгилеген Чавушоглу эки өлкөнүн министрлеринин да сүйлөшүүсү менен эки тараптуу карым – катнаштар тууралуу кадамдарды ылдам түрдө таштарын айтты.

Эрдоган  - Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин Путиндин өлкөсүндөгү жетекчилерге жолдомо бергенин айткан Чавушоглу бул диалогдун биринчи түшүмүн туризмден алышкандарын жарыялады.

Чавушоглу Орусиянын премьер – министри Дмитрий Медведевдин болсо туризм тууралуу жоюлган чектөөлөр менен бирге : «Түркияга барууну каалаган, Түркиядагы бул кооздуктарды көрүүнү каалагандар бул жылы сөзсүз түрдө пайдалансын»,- деген билдирүү жасагандыгын баса белгилеп бул билдирүүнү ыраазычылык менен кабыл алышкандарын айты.



Тектеш кабарлар