Кол салууда жараланган 13 киши ооруканадан чыкты
Акыркы болуп кол салуучулардан экөөсүнүн күбөлүгү аныкталып, окуя менен байланышы бар деген негиз менен 13 шектүү киши камоого алынган болчу
522899
Стамбулда 44 киши каза болгон кандуу кол салууда жараланган кишилердин дарылануусу улантылууда. Губернаторлуктан берилген акыркы маалыматка караганда ооруканаларда 52 жаралуу дарыланып, дарылануусу бүткөн 13 киши ооруканадан чыкты. Ушундайча ооруканадан чыккан киши саны 184кө жетти. Акыркы болуп кол салуучулардан экөөсүнүн күбөлүгү аныкталып, окуя менен байланышы бар деген негиз менен 13 шектүү киши камоого алынган болчу.