Чавушоглу Түркияга көңүл айткан өлкөлөргө ырахмат айтты

Көптөгөн өлкө Стамбулдагы террордук кол салуудан кийин Түркияга көңүл айтуу телеграммасын жолдогон

521119
Чавушоглу Түркияга көңүл айткан өлкөлөргө ырахмат айтты

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Стамбулдагы 41 киши каза болуп, 128 киши жаракат алган террордук кол салуудан кийин Түркияга көңүл айтуу телеграммасын жолдогон өлкөлөргө ырахмат айтты.

Стамбудагы «Ататүрк» аэропортундагы террордук кол салуудан кийин көптөгөн өлкө көңүл айтуу телеграммалары менен террорго каршы Түркияга колдоо көрсөтө тургандарын билдиришкен болчу.

Тышкы иштер министр Мелүт Чавушоглу да социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсү менен бул өлкөлөргө ырахмат айтты.

Террордун эч нерсени карабастан бүтүндөй адам баласын бутага алгандыгын белгилеген Чавушоглу, терроризм коркунучун жок кылуунун жолу биргелеше күрөшүү экенин баса белгиледи.

Түркиянын террор балээсин жок кыла тургандай кудуретке ээ экенин да баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу, эч кимдин Түркияга террор менен багыт бере албай тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар