Эрдоган-Аббас сүйлөшүүсү
Эрдоган Аббаска маалымат берди
Президент Режеп Тайип Эрдоган Палестинанын президенти Махмуд Аббаска Түркия менен Израилдин ортосундагы мамилени нормалдаштырууга карата жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.
Эрдоган Аббас менен кечээ кечинде телефон аркылуу байланышып сүйлөштү. Анда Аббас жылыштарга болгон ыраазычылыгын билдирди.
Палестиналыктардын ортосундагы макулдашууга да токтолушкан сүйлөшүүдө Эрдоган менен Аббас, бул боюнча тынымсыз байланыш абалында болууну чечишти.
Президент Эрдоган өткөн жума күнү Стамбулда кабыл алган Хамастын саясий кеңсесинин төрагасы Халид Мешалга да жагдай тууралуу маалымат берген болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.
Эмине Эрдоган Африка күнү менен куттуктады
Биринчи айым Эмине Эрдоган сациалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.