Түркиянын Улуу Улуттук жыйыны 1-июлда эс алууга чыкпайт

Кайсы долбоорлор мыйзамдаштырылат?

515712
Түркиянын Улуу Улуттук жыйыны 1-июлда эс алууга чыкпайт

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын 1-июлда эс алууга чыкпай тургандыгы такталды.

Парламенттин Жалпы кеңешинде Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын фракция сунушу кабыл алынды.

Буга ылайык террорчулукка каршы күрөшүүдө аскерлерге укуктук коргоо алып келген мыйзам долбоору биринчилерден болуп талкууланып жатат.

Андан соң Мамлекеттик кеңеш жана Жогорку соттун түзүмүн өзгөрткөн мыйзам долбоору күн тартибине коюлат.

Буларды мыйзамдаштыруу үчүн Жалпы кеңеш 1-июлда эс алууга чыкпайт жана иштей берет.



Тектеш кабарлар