Шырнакта бир аскер шейит болду

Ооруканага алып барылган жаралуулардан абалы оор болгон бир аскер бардык жардамдарга карабастан шейит болду

516202
Шырнакта бир аскер шейит болду

Шырнакта терористтер тарабынан аскердик база жасалган куралдуу кол салууда бир аскер шейит болуп, эки аскер жараланды. Башкы штабдан берилген маалыматка караганда Элмалы Тепе база аймагына жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү тарбынан кол салуу жасалды. Кол салууда бирөөсү оор болгон үч аскер жараланды. Ооруканага алып барылган жаралуулардан абалы оор болгон бир аскер бардык жардамдарга карабастан шейит болду. Маалыматта : "Бизди терең кайгыга салган бул кол салууда каза болгон шейитибиздин үй - бүлөлөрүнө, жакындарына, Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлерине жана улуу түрк калкына көңүл айтып, жараланган аскерлерибиздин бат айыгып кетүүсүн каалайбыз",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар