Президент Эрдоган террор тууралуу маалымат берди

Президент Эрдоган коопсуздук кызматкерлери менен ифтарда жолугушту

512913
Президент Эрдоган террор тууралуу маалымат берди

Президент Эрдоган коопсуздук кызматкерлери менен ифтарда жолугушту. Европада парламент имаратынын коридорлоруна жикчил террордук уюм ПККнын желектеринин илинүүсүн катуу сөздөр менен сынга алган президент Эрдоган түрк улуту убактысы келгенде бул кыймылдын эсебин сурай тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган параллель уюмдун жана жикчил террордук уюмдун, Сириядагы уландысы ЙПГнин армян террордук уюму менен бирдикте Түркияга каршы кыймыл кылгандыгын белгиледи.

Күнөөсүз кишилердин турмушун коргоого аракет кылган коопсуздук күчтөрүнүн бул кыймылынын аймакта жашагандардын жүрөгүнөн орун тапкандыгын айткан президент Эрдоган террордук уюмдун кысым, күч жана кан менен анын багытындагы партиянын жалган саясат тили менен эмес, көңүл тили менен курулган бул карым – катнаштын аймакта жаңы бир мезгилдин кабарчысы болорун сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар