Түрк куралдуу күчтөрү ДЕАШ менен ПККга каршы операция жүргүздү
Операцияда террордук уюмдарга таандык буталар жок кылынды
511286
![Түрк куралдуу күчтөрү ДЕАШ менен ПККга каршы операция жүргүздү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3729/a548/12ac/5759149952adb.jpg?time=1718873014)
Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюм ДЕАШтын Сириянын түндүгүнөн Түркияга ок атууга даярданып жаткан буталарына жүргүзгөн операцияда 10 террорист жок кылынды.
«Фыртына» пушкалары менен ок атылып жана коалиция учактары менен жүргүзүлгөн абадан операцияда ДЕАШка таандык көптөгөн көп түтүктүү ракеталар жана минометтордон турган 17 бута талкаланды.
Түрк куралдуу күчтөрү жикчил террордук уюм ПККга карай да абадан операция жүргүздү.
Абадан операцияда террордук уюмга таандык 2 баш калкалоочу жай талкаланды.
Операция убагында террористтердин да талкаланган баш калкалоочу жайда болгону аныкталды.
Согуштук учактар андан соң аскердик базага кайтып келишти.