Түркия террордук кол салууларды айыптады

Тышкы иштер министрлиги америка элине көңүл айтты

509603
Түркия террордук кол салууларды айыптады

Түркия Америка Кошмо Штаттарынын Орландо шаарында 50 киши набыт болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Орландодо  болгон жана көптөгөн адамдын каза болушуна себепчи болгон террордук чабуулду айыптап, америка элине көңүл айтабыз»,-деп айтылды.

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Сириядагы согуштук учактар тарабынан бутага алынган базар аянтындагы кол салууну да катуу айыптагандарын билдирди.

Кол салуудан арасында көптөгөн аялдар менен балдар да болгон 23 жаран каза болгон.



Тектеш кабарлар