Түркия жардам берүүдө батыштыктар аркасын салууда...

Эрдоган, сыйынуучу жерлерди бутага алган террор уюму ПККнын бул жерлерге таандык эместигин айтты.

509127
Түркия жардам берүүдө батыштыктар аркасын салууда...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, сыйынуучу жерлерди бутага алган террор уюму ПККнын бул жерлерге таандык эместигин айтты.

Эрдоган Стамбулда Бирлик фондунун ооз ачуу тамагында сөз сүйлөдү.

6-күнү артка калтырылган башы ырайымдуулук, ортосу кечиримдүүлүк, аягы түбөлүк азаптан кутулуу болгон Рамазан-ы Шерифтин Түркия, түрк улуту, Ислам дүйнөсү, жапа чеккендер жана карапайым элдерге пайдалуу болушун тилеген Эрдоган, көңүл байлыгынын канчалык маанилүү экени акыркы 6 жылдан бери Сирия жана Ирактагы кагылышуулардан качкан качкындар темасында көрсөтүлгөн мамиле менен дагы бир жолу туу чокуга чыкканын белгилеп кетти.

Мамлекеттин бюджетинен сириялык баш калкалоочулар үчүн 10 миллиард доллардан ашуун каражат каржыланганын баса белгилеген Эрдоган: «Бейөкмөт уюмдарыбыз, мэрияларыбыз да эң аз ошончолук каражат каржылашты. Эмнеге?-десеңиз. Анткени бул улуттун уюткусунда Ислам бар. Анткени биздин ишеничибизде «берген кол, алган колдон дагы кайрымдуу» деген түшүнүк бар, ишенич бар»,-деди.

Бүткүл дүйнө аркасын салып көрмөксөнгө салган сириялык баш калкалоочуларга жардам темасында тегине жана динине карабастан Түркия жапа тырмак жардам бергенин белгилеген Эрдоган, муну ишеничтеринен улам кылгандарын айтты.

Эрдоган, бул көрүнүш ортодо турганда улуттук кирешелери Түркияныкынан эселеп жогору турган өлкөлөр коопсуздук чара көрүүлөрүн күчөтүп, каалгаларын жаап, бул адамдардын кайгыларына кайдыгер калгандарын айтып, ал эмес качкындар өздөрү менен кошо ала келишкен зер буюмдарын, акчаларын тартып алышкандарын түшүндүрдү.

Түркияга дос сыяктуу көрүнгөндөрдүн кыңыр иштерди кылып жатканын айткан Эрдоган буларга токтолду: «Учурда түштүгүбүздө, Сириянын түндүгүндө абдан опурталдуу проект, абдан опурталдуу план ишке ашырылып жатат. Бул проектте, бул планда тилекке каршы бизге дос сыяктангандардын кыңыр иштери жатат. Муну абдан ачык жана так айтып койоюн. Муну өздөрүнө да өзүнчө айтамын, аны да сүйлөшөбүз. Бул жерде айтылгандар учурда алар тарабынан да ансыз деле байкалууда».

Террор уюмдары; ПЙД, ЙПГ жана ДЕАШтын Сирияда бири-бири менен салгылашып жаткан сыяктуу көрүнүп, чындыгында бир эле максат үчүн кызмат кылган уюмдар болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Аймак калкына зулумдук кылуу, аймак калкынын исламий өздүгүн талкалоо үчүн бири-бири менен жарышууда. Карасаңар бизге берилген жооптор бар. «ПЙД, ЙПГ, булар ДЕАШка каршы согушуп жатканы үчүн биз аларды колдоп жатабыз» дешүүдө айрым дос өлкөлөр. Муну айтып жатасыңар. Эл Нусраны террор уюму катары кабыл алгансыңар. Эл Нусра дагы ДЕАШ менен согушууда. Аны эмне үчүн дос катары кабыл албайсыңар?... Биздин көз карашыбыз боюнча жакшы террорист, жаман террорист болбойт. Террористтердин бардыгы жаман. Биз окуяны ушундай карайбыз. Улутубуздун жана аймак калкынын эми чындыктарды көрө баштаганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар