Элизавета Пескованын Түркияга болгон сүйүүсү
Дмитрий Песковдун Анкарада туулган кызы Элизавета Пескова Түркия менен Орусиянын ортосундагы кризистен эң көп жөнөкөй кишилердин таасирленгенин айтты
Орусиянын президенти В. Путиндин түрколог болгон басма сөз кеңешичиси Дмитрий Песковдун Анкарада туулган кызы Элизавета Пескова Түркия менен Орусиянын ортосундагы кризистен эң көп жөнөкөй кишилердин таасирленгенин айтты.
Элизавета бир түрк гезитине берген маалыматында : «Күбөлүгүмдө туулган жер катары Анкара жазылган. Түркия мен үчүн Орусия сыяктуу мекеним болуп саналат. Акыркы болгон окуялар көз карашымды өзгөрткөн жок. Орусия менен Түркияда адамдардын тескери таасирленүүсү дос катары мени капалантууда»,-деди. Элизавета : «Москвадагы үйүбүз кичинекей Түркия сыяктуу. Атам Дмитрий менен чоң атам Владимир экөөсү түрколог. Атам Чыгыш институтунда, чоң атам болсо Москва эл аралык карым – катнаштар факультетинин түркчө бөлүмүн бүтүргөн. Мен атам Анкарада Орусия элчилигинде дипломат болуп жүргөн кезде дүйнөгө келдим. Үй – бүлөм түрк үй – бүлөсү десем жаңылбаймын»,- деди.
Эң жакшы көргөн түрк романынын Решат Нури Гүнтекиндин «Боз торгой» романы экендигин белгилеген Элизавета ырчылардан Тарканды, Айла Селикти жана Мустафа Жежелини сүйөрүн да билдирди.
Пескова Түркиядагы террор кыймылдарына социалдык медиадан да каршылык көрсөткөн.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.