Түрк Кызылайы жардамдарын улантууда

Түрк Кызылайынын жардамдары кайсы өлкөлөргө жеткирилет?

505766
Түрк Кызылайы жардамдарын улантууда

Түрк Кызылайы Рамазан айында чет өлкөдө 2.5 миллион лиралык азык-түлүк жардамын таркатат.

Түрк Кызылайынын жетекчиси Керем Кынык, жошоонун ар бир учурунда муктаждыгы барларга жардам көрсөткөн Түрк Кызылайынын Орозо айы бою социалдык жардамдарын улантаарын айтты.

Өткөн жылы өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө 20 миң каропка менен 100 миң кишиге азык-түлүк жеткиргендерин эске салган Керем, Түрк Кызылайы катары быйыл Пакистанда 1 миң, Газада 15 миң, Бангладеште 2 миң 200, Иракта 1 миң 700, Казакстанда 100, Босния-Герцеговинада 1 миң 500, Сербияда 1 миң 500 жана Ооганстанда 2 миң каропка менен жалпы 2 миллион 500 миң лиралык азык-түлүк жардамын тарката тургандарын баяндады.

Сомалиде ысык тамак жана азык-түлүк жардамдарынын уланаарын да билдирген Керем, Сомалиде күн сайын мобилдик ашканада жасалган 7 миң 500 кишилик ысык тамак менен катар 4 миң 150 нан таркатыла турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар