Германия Парламенти тарыхый катачылык кылды

Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Германия Парламентинин токтомун айыптаган биргелешкен билдирүү жарыялоого даярданууда.

502982
Германия Парламенти тарыхый катачылык кылды
yıldırım merkel telefon görüşmesi.jpg
mevlüt çavuşoğlu
numan kurtulmuş.jpg
almanya tepkiler.jpg
almanya tepkiler 1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян ойлору тууралуу токтом долбоорунун Германия Парламентинде кабыл алынышынын бул өлкө менен болгон карым-катнашка олуттуу түрдө таасир тийгизе турганын айтты.

Расмий сапар менен Кенияга келген президент, Түркияга кайткандан кийин таштала турган кадамдарга токтолуп, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери менен бул теманы кеңири иликтеп чыга тургандарын билдирди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым болсо Германиядагы добушка салуудан кийин Берлиндеги Түркиянын элчисинин кеңешүү үчүн чакыртылганын жарыялады.

Йылдырым Германиянын парламентинен өткөн 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтары тууралуу токтом долбоорунун Түркия жагынан караганда жокко эсе болгонун айтып, муну эч качан кабыл албагандарын баса белгиледи.

Өкмөт башчы: «Биздин өткөнүбүз белгилүү. Бул жаңылыш чечим»,-деп айтты.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш да Германияда кабыл алынган токтом долбоорунун Түркия үчүн жокко эсе экенин айтты.

Куртулмуш: «Бурмаланган жана орунсуз дооматтарды кабыл алуу тарыхый ката болот»,-деп айтып, бул абалга бардык платформада керектүү жооп бериле турганын белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул токтомго каршылык көрсөтүп: «Өз караңгы барактарын жоопркерчиликсиз жана орунсуз түрдө башка өлкөлөрдүн тарыхын жамандоо менен жаба алышпайт»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катычысы Ясин Актай болсо бул абалдын Германия менен карым-катнаштарды олуттуу зыянга учуратканын айтты.

Актай: «Немис парламентинин токтому достой мамиле эмес. Карым-катнаштарга олуттуу зыян тийгизди»,-деп айтты.

Жумурият элдик партиясынын эл өкүлү Барыш Яркадаш, Германиянын федералдык парламентинин кабыл алган токтом долбоорун, «бул токтом жокко эсе. Парламенттер мындай түрдөгү тарыхый окуяларга байланыштуу токтом чыгаруудан баш тартышы керек»,-деп айтты.

Бир тараптан Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Германия Парламентинин токтомун айыптаган биргелешкен билдирүү жарыялоого даярданууда.

Германиянын Федералдык Парламенти армяндардын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу дооматтарын «геноцид» деп кабыл алган долбоорду өткөрдү.

Добушка салууга премьер-министр Ангела Меркелдин катышпоосу көңүл бурду.

Ал эми Меркель, добушка салуудан көп өтпөй жарыялаган билдирүүсүндө «Түркия менен кеңири жана күчтүү байланышбыз бар»,-деп айтты.

Бул учурда Германиянын Анкарадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.



Тектеш кабарлар